Жалал-Абадда "Интернет клубу" деген ат менен кумар оюндары ойнотулган көмүскө жайлар аныкталды




Жалал-Абад облустук милициясы кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Интернет оюн клубу" деген атты жамынып, компьютерде интернет аркылуу кумар оюндарын ойноткон Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова көчөлөрүндөгү жайлар текшерүүгө алынган.
"Тинтүү иштеринде Сузактан 9 компьютер, Жалал-Абад шаарынан 11 компьютер далил буюм катары табылды. Ошондой эле Сузак районундагы кумар ойноочу көмүскө жайды иштетип жаткан 43 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну К.А. аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда Жалал-Абад ОИИБинин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Басма сөз кызматы мындай аракеттер дагы да уланарын кошумчалайт.



1 |