super.kg logo

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы: "Кызматкерибиз тигүү цехинин ээсинен пара алганы чындыкка жатпайт, биз бул маалыматты четке кагабыз"

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкери тигүү цехинин ээсинен пара алган эмес. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур бүгүн, 22-февралда кабарлады. Анын айтымында, тигүү цехинин ээси Ж.Зулайдын айтып жаткан маалыматтары чындыкка жатпайт.

"Буга чейин Ж.Зулай аттуу жарандын Бишкектеги тигүү цехинде Вьетнам жарандарын мыйзамсыз иштетип жатканы боюнча бизге арыз келип түшкөн. Арыздын негизинде биздин кызматкерлер менен Миграция кызматынын кызматкерлери тигүү цехине барышкан. Текшерүү учурунда төрт Вьетнам жараны мыйзамсыз иштетилип жатканы аныкталган. Ал төрт адамдын тийиштүү документтери да жок болуп чыккан. Мындан улам алар суракка алынып, мыйзамсыз жумушка тартылышканын айтышкан. Жыйынтыгында тигүү цехинин ээсине 30 миң сом айып салынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Андан сырткары тигүү цехин 5 күнгө чейин иштетүүгө тыюу салынган. Ал эми цех ээсинин "кайра ачып берүү үчүн кызматкер 15 миң сом пара алган" деп айтып жатканы чындыкка жатпайт, биз бул маалыматты четке кагабыз", - деди Пискур.

Төрт Вьетнам жараны мыйзамсыз иштетилип жатканы айтылган тигүү цехинин ээси Ж.Зулай SUPER.KG'ге 20-февралда кайрылып, төрт Вьетнам жаранын иштетпегенин, болгону жардам сурап келгенде убактылуу жашоого жай берип, тамак-аш менен камсыз кылып келгенин билдирген. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы ага 30 миң сом айып пул салып, тигүү цехин жаап салганын, кайра ачып берүүнү талап кылганда андан 15 миң сом пара алганын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.02.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыка жатпайт деп Тим эле жатат эле сопсонун болгону факт жок да . Сиздер ыйман ынсап ичиндеги кыжалаттык сезимдерин унутуп койгонсунар болгону
22.02.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерге ит дагы ишенбейт!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: