Ысык-Көлдөгү тоок фабрикасы эксперимент жасап, жумуртка кандай учурда "резина" болуп каларын көрсөттү
Ысык-Көл районунда жайгашкан тоок фабрикасы эксперимент жасап, жумуртка кандай учурда "резина" болуп каларын көрсөттү. Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү да катышты. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын SUPER.KG'ге билдиргенине караганда, муздаткычта өтө тоңдурулган жумуртка сапатын жоготуп, кайнатылгандан соң "резина" сымал болуп каларын көрсөттү.
"Ошто жасалма делген жумуртка Ысык-Көл облусунан келгени кабарланган. Аталган облуста бир гана фабрика бар. Ал Ысык-Көл районунда жайгашкан. Бүгүн фабриканын өкүлдөрү жумуртка сарысына чейин тоңдурулган учурда "резина" сымал болуп каларын көрсөтүп беришти. Башкача айтканда, жумуртка сапаты бузулуп, "резина" сымал болуп калат экен. Ошол эле учурда муздаткычка салынбаган жумуртканы да кайнатып, аарчып көрдүк. Баары эле жайында болуп чыкты. Демек, Оштогу ызы-чуу болгон жумуртканын сактоо шарты бузулган. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жасалма жумуртка жок", - деди Садырбекова.
17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тараган. Анда колдонуучу тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.
Жумуртка кандай учурда "резина" болуп калат?

















1 |