super.kg logo

"Резина" жумурткалар Өзбекстанда да табылды

 

"Резина" жумурткалар Өзбекстанда да табылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактардын өзбек тилдүү сегментинде жарыяланды.

Видеону интернетке жүктөгөн колдонуучу кайнатылган жумуртканын сарысын кесип көрсөткөн.

"Кытайдан жасалма жумурткалар келип жатыптыр. Мына карап көргүлө. Чыныгы жумуртканын сарысы кайнатылганда майдаланып кетет. Бул болсо топ сыяктуу жерге урсаң, кайра өйдөгө секирет, абайлагыла!" - деген колдонуучу.

Белгилей кетсек, 17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тараган. Анда керектөөчү тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.

19-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат таратып, Ош шаарынан бир да жасалма жумуртка табылбаганын билдирген.

Ал эми талкуу жараткан видеонун автору Урматбек Разаков тиешелүү органдар жасалма жумуткалардын кайдан келгенин аныктап, чара колдонуунун ордуна видеону "фейк" деп жатканын айтып SUPER.KG аркылуу нааразычылыгын айткан.






"Резина" жумурткалар Өзбекстанда да табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.02.2019. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жумурткалар эч кандай Кытайдыкы эмей эле ошол өзбек туугандар өздөрүнүн жумурткалары акыры өздөрүнө да жетиптирда биздикилер албай калып
22.02.2019. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунордун эле короодогу же коншуларынардын тоокторунун жумурткасын жегилечи сураныч.А то надоели уже,биз жакта ал жакта деп эле !!!
23.02.2019. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайларды коргогула
23.02.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да тукум деп атат го, өзбек туугандар
23.02.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол оштогу жумуртка деле өзбекстандан келген турбайбы.Өзбекстан өлүп калса биздин товарларды еиргизбейт. Алардыкы болсо Кыргызстанды басып калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: