super.kg logo
  Саясат  

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков: "КСДП эки шайлоодогудай лидерлик позициясын сактай албайт"

 

Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробековдун айтымында, парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай албайт.

“Эки жолу катары менен КСДП лидерлик позицияны ээледи. Курманбек Бакиев кеткенден кийин “Ак-Жол” партиясы жок болуп, “Ата Мекен” жана КСДП калган болчу. Азыр кырдаал өзгөрүп, Атамбаевдин баркы кетти. Кийинки шайлоодо КСДП мурдагыдай көпчүлүк добушту албайт. Ага чейин жаш, креативдүү адамдарды алып келип, Атамбаев өзү көшөгөнүн артында туруп, башкарса мурунку шайлоодогудай позициясын сактай алышат”, - дейт Жоробеков.
Саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Алга Кылычовдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: