super.kg logo
  Саясат  

"КСДП учурда партия эмес, бөлүнгөн партизандык отряд болуп калды" дейт саясий серепчи Игорь Шестаков

 

Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды. Суроого саясий серепчи Игорь Шестаков жооп берди. Айтымында, КСДП партиясынын мүчөлөрү эки жаатка бөлүнүп, бүгүнкү күндө ич ара түрдүү позицияны карманып жүрүшөт.

"Алгач КСДП партиясы өзүн кандай багытта көрсөтүп жатканын талдап алуу керек. 2017-жылы бийликтин күчтүү партиясы болуп турган КСДП былтыр жок болгон. Азыр партизандык отряддарга бөлүнүп кетти. КСДП фракциясы, "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы бар жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бар. Алсак, КСДП фракциясы бийликтин позициясында болуп жатат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылар болсо оппозиция катары өзүн көрсөтүп жатышат. Менимче, ири кадрдык өзгөрүү болот. Өкмөттөгү мүчөлөр, Жогорку Кеңештеги депутаттар мөөнөтүнүн аягына чейин иштешет деп ойлойм. Бирок ошол эле учурда кийинки парламенттик шайлоодо жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар партиялардан орун камдаганга аракет кылышат. Ал эми Атамбаевдин айланасындагылар 2020-жылы оппозициялык уюм катары чыгышат. Ал уюмдун орду мурунку КСДПдай болобу же жокпу азыр айтуу кыйын. Бүгүнкү күндө ар кандай болуп чачыраган партизандык отряд болуп жатат", - деди Шестаков.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Алга Кылычовдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: