super.kg logo
  Саясат  

"Алмазбек Атамбаев ресурстарын туура иштетсе шайлоодо жетиштүү депутаттык мандатка ээ боло алат" дейт экс-депутат Алишер Мамасалиев

 

Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды. Суроого Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев жооп берди.

Анын айтымында, КСДП бүгүнкү күндө өзүнчө саясий бренд болуп калган.

"Адилеттүүлүк үчүн айтышы керек, КСДП - элге таанымал, Кыргыз мамлекетинде өзүнүн тарыхы бар саясий партия. Ушул партия аркылуу бир топ белгилүү инсандар чоң саясатка келгенин эскертким келет. Ал эми келе жаткан шайлоодо мурункудай лидерлик позициясын сактай алабы же жокпу - бул чоң маселе. Себеби бийлик да шайлоого карата саясий долбоорлорун жүргүзүп жатат. Эгерде Алмазбек Атамбаев азыр колдонгон медиа жана башка ресурстарын туура иштетип, шайлоого чейин сактап калса, ошондой эле партиянын тизмесине таза жана кадыр-баркы бар инсандарды тартса, анда жетиштүү депутаттык мандатка ээ боло алат. Орустар айткандай "ага жетиштүү баа бербей коюу мүмкүн эмес", - деди Мамасалиев.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Алга Кылычовдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: