super.kg logo

Бишкекте мас абалында таксистти сабап, унаасын айдап кеткен деген шек менен эки жаран кармалды

 

Бишкекте мас абалында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматкери кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 15-февраль күнү болжол менен саат 06:00 чамасында болгон. Укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган жаран мас абалындагы белгисиз эки адам жолдон токтотуп, коркутуу жолу менен өздөрү бара турган жерге айдатышканын айткан. Андан соң жолдон унааны токтотуп, айдоочуну катуу буюм менен сабап, телефонун алышкан. Кийин айдоочуну жолго таштап, унааны белгисиз тарапка айдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр башка дагы кылмышка барышканы белгилүү болгон. Алар жолдо бара жатып 29 жаштагы кишини күч колдонуп унаага салышкан. Бактыга жараша, ал киши унаадан секирип качып кеткен.

Ыкчам тергөө тобу унааны "Ош базарынын" айланасындагы көчөлөрдүн биринен табышкан.

Шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган 29 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы О.М. кармалган. Алар 14-февраль түнү спирт ичимдиктерин ичишкени белгилүү болгон. Териштирүү иштеринде экинчи жабырлануучунун акчасын жана кийип жүргөн курткасын чечип алышканы аныкталган. Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.






Бишкекте мас абалында таксистти сабап, унаасын айдап кеткен деген шек менен эки жаран кармалды 0 https://www.super.kg/kabar/

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
22.02.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай акмактар тойгоздуда
23.02.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колу сынсын акмак.
23.02.2019. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таксисттерге берип койсо ушуларды, жазасын алмак ошондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: