Өкмөткө органикалык айыл чарбанын абалы жана келечегине байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди
Жогорку Кеӊеште "Органикалык айыл чарбанын абалы, өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү, тобокелдиктери, келечеги жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө этап менен өтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү" темасындагы конференция өттү. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Конференцияга депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышты.
Иш-чаранын демилгечиси депутат Махабат Мавлянованын айтымында, азыркы учурда ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн өндүрүмдөрүн сатуу көйгөйүнө кабылып, чет өлкөлүк импорттоочуларга атаандаша албай келатканын баса белгиледи. "Биздин дыйкандар бул багытта өз позициясын бекемдеп, органикалык өндүрүмдөрдү өстүрүүгө өтүүсү зарыл. Анткени экологиялык жактан таза өндүрүмдөргө болгон суроо-талап барган сайын күчөп барат. Ушу тапта Кыргыз мамлекетинде өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрү дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата албай, ошондон улам аларды экспортко чыгарган компанияларда өнүмдөрдүн көлөмүн аныктоо жана сапатын тастыктоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатат. Андай көйгөйлөрдөн арылып, органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүү чараларын колго алсак, экологиялык жактан таза өнүмдөрдү өстүрүүгө жол ачылат", - дейт Махабат Мавлянова.
Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Өкмөткө жана тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге органикалык айыл чарбанын азыркы абалы менен анын келечегине байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү жаатында бир катар иштиктүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди.

