Вице-премьер чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керектигин айтты
Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешмеге вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты. Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи.
"Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүүсү маселеси курч турат. Эгерде 3-4 жылдын киреше көрсөткүчтөрүн салыштырсак, 2017-жылы бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн болгон, буга байланыштуу алардын жетекчилери ээлеген кызматтарынан түшүрүлгөн. Ал эми 2018-жылы айрымдары оң, бирок дагы эле минималдуу көрсөткүчтөр менен чыккан. Төмөндөөнүн себебине талдоо жүргүзүү жана чыгаша тарткан пансионаттардын директорлорун жоопко тартуу керек. Жетекчини жөн гана кызматынан алып салуу жетишсиз, эмне себептен киреше түшпөй жатканын изилдөө жана тергөө зарыл", - деди вице-премьер-министр.
Жыйындын соңунда Замирбек Аскаров аталган фондго ар бир мамлекеттик ишканалар боюнча ревизия жүргүзүү жана мындан аркы чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүүнү тапшырды. Мындан тышкары вице-премьер-министр мамлекеттик ишканалардын финансы-чарбалык ишмердигин көзөмөлдөө боюнча фонд тарабынан иштин төмөн деңгээлин белгилөөнү тапшырды.





1 |