Көк бөрү беттешинде спорт агенттигинин курама командасы журналисттерди жеңди
Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда коло медаль үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин курамасы менен журналисттерден түзүлгөн курама беттешти.
Оюндун жүрүшүндө аталган агенттиктин курамасы атаандашынын тай казанына 4 улак таштаганга жетишсе, журналисттер 2 улак салып жооп кайтарды. Муну менен 4:2 эсебинде жеңген курама команда мелдештин коло медалдарына ээ болушту.
Бул мелдештин финалында Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн курамасы беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.