Кыргыз, казак өкмөт башчылары айыл чарба продукцияларына киргизилген чектөө боюнча талкуулашты
Бүгүн, 23-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалматка ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Өкмөт башчылар Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөө боюнча маселелерге көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.
Аталган маселени чечүү максатында премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

