super.kg logo

Эртең парламентте балдар үчүн юстицияны ишке ашырууну баалоо боюнча программанын бет ачары өтөт

 

Эртең, 25-февралда Жогорку Кеңеште балдар үчүн юстицияны ишке ашырууну баалоо боюнча программанын бет ачары өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программанын негизги максаттарында балдар үчүн натыйжалуу жана акыйкат сот адилеттүүлүгүнүн тутумун түзүү, балдарга карата тийиштүү мамилени камсыз кылуу, алардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо, жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту жана кайталап кылмыш жасоосун азайтуу, ар бир баланын муктаждыгына аяр мамиле жасоо белгиленген.

Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, ошондой эле вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башчылык кылган өкмөттүн мекемелер аралык координациялык кеңешинин мүчөлөрү чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: