super.kg logo

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында жана Ак-Өргөө конушунда абанын булганышы нормасынан жогору

 

Бүгүн, 24-февраль саат 12:50гө карата Бишкекте "Ош базарынын" айланасында жогорку көрсөткүчтөгү булганган аба байкалууда. Бул тууралуу маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Бишкектин 6 жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда сутка ичинде орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги учурдагы көрсөткүч - 52 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 86)

Ак-Өргөө конушунда - 45 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 175)

Чыгыш-5 кичи району - 35 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 71)

Бөкөнбаев көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши - 32 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 66)

7-кичи район - 28 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 48)

Көк-Жар кичи району - 25 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 69)

"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет. Агенттиктин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, Гидрометеорология агенттиги тарабынан расмий маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.02.2019. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АК ордо 3 деле таза эмес мусор чыгарган машина келбейт айла жок ортойбуз мешке болсо швейядан чыккан отходторду жагабыз не же эч ким билбейби ачуу чындык ....кечирип койгула
aiba.8327 түзөттү 2019-02-24 14:27:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: