Венесуэлада гуманитардык жардам алып кирүүдө 300 киши жаракат алып, 2 киши каза болду
Венесуэлада гуманитардык жардам алып кирүүдө 300 киши жаракат алып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кагылышуу Колумбия менен Венесуэланын чек арасында орун алды. Жоокерлер гуманитардык жардамдын киришине каршы болуп ок чыгарышты.
Венесуэланын оппозициялык лидери, өзүн өлкө президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдону гуманитардык жардамдын киришин жактоодо. Ал эми өлкөнүн президенти Николас Мадуро чек араны жабууну жана АКШдан келген гуманитардык жардамды өлкөгө киргизүүгө каршы.
Венесуэладагы экономикалык кризистен улам өлкөдө саясий толкундоолор башталып, 23-январда оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн өлкө президенти деп жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

США-южная корея
Силерден сураныч россия 1/ первый канал/ рен тв / нтв ушул каналдарды азыраак коргулочу / же болбосо [moderated]тан Навальныйдын каналын коргуло 2/3 ролик козунор ачылат путиндин саясаты кандай екенине