super.kg logo

Өзбекстанда бир туугандардын балдарына үйлөнүүгө тыюу салынган мыйзам долбоору иштелип жатат

 

Өзбекстанда бир туугандардын балдарына үйлөнүүгө тыюу салынган мыйзам иштелип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай кадамга барууга Өзбекстанда жакын туугандардын бири-бирине баш кошкон учурлары көп кездешип, ортодогу балдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жаткандыгы себеп болгон. Аталган мыйзам долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга алып чыккан.

Учурдагы мыйзам боюнча, толук же асырап алган бир туугандарга, жубайлардын бири психикалык жактан жабыр тарткан болсо же башка никеси бар адамдар баш кошууга болбойт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдары жакын туугандардын никелешүүсү ден соолугу начар балдардын төрөлүшүнө алып келерин белгилеп келишет. Айрым маалыматтарга ылайык, мындай көйгөлөр Тажикстанда да байкалып, жакын туугандардын баш кошуусунан улам жыл сайын 1 жарым миңдей майып балдар төрөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздар илгери эле жети атасын суруштуруп анан куда болушкан. Ушул проблеманы алдын алганды билишкен...
25.02.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оа даже ортодо бир суу агып откон айылдан кыз алышчу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: