Кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченконун UFC'деги кийинки атаандашы белгилүү болду



Эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм UFC кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченконун кийинки атаандашын атады. Бул тууралуу маалымат UFC'нин расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Антонина Шевченко UFC'нин алкагындагы 2-беттешин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында боло турган мелдеште өткөрөт. Мелдеш "UFC on ESPN+ 7" деп аталып, 20-апрелде орун алат. Антонина Шевченконун атаандашы 36 жаштагы Роксанна Модаффери болот.
Эрежесиз уруш боюнча Модаффери 37 беттеш өткөрүп, анын ичинен 22 беттеште жеңишке жетип, 15 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми, Шевченко 7 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
salimbek87.kg

25.02.2019. 10:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
йгилик каалайбыз дайымма женишке жетип журо бер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.