super.kg logo
  Спорт  

Депутаттар менен министрлердин ортосундагы көк бөрү оюнунан фоторепортаж

 

23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары катышты.

Мелдеш жарым финалдык баскычтан башталып, биринчи беттеште өкмөттүн командасы спорт агенттигин жеңип алса, экинчи беттеште Жогорку Кеңеш кошумча таймда журналисттер командасын жеңип алды. Ошентип финалга Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн командалары чыкса, 3-орун үчүн спорт агенттигинин жана журналисттердин командалары күч сынашты.

3-орун үчүн оюнда спорт агенттигинин курамасы журналисттерди 4:2 эсебинде утуп алды. Ал эми финалдык оюнда Жогорку Кеңештин командасы өкмөттү 2:0 эсебинде жеңди.

Муну менен 1-орунду Жогорку Кеңеш, 2-орунду өкмөт, 3-орунду спорт агенттиги жана 4-орунду журналисттер командасы ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанды менчиктеп алган беш жүздөй чиновник бар, алар дал ушулар. Каалагандай казынаны тоноп, элдин атынан жашаган уурулар. Элдин эсебинен байыган сүткорлор так ушулар. Элди бироосү да ойлобойт, элге эч бири күйбөйт. Анан булардын жашоосу "зыңк"!!!!!!!
25.02.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беттеринен нур тамып,баары кубанычта.Май-талканды ушулар жеп жатышат четинен кемирип.Айдаганын беш эчки,ышкырыгын таш жарат.Карызыбыз .отубуздон куюлуп жатканда булар сайрандап улак чаап....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: