super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

 

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитети "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Экономика министри Олег Панкратов бул мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу тармагындагы ченемдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз өлкөсү ЕЭК бекиткен мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча 11 программага кошулгандыктан, программалардын негизинде улуттук стандартты кайра иштеп чыгуунун программасын түзүүгө тийиш.

Депутат Руслан Казакбаев: "Жаӊы стандарттарга өтүү үчүн канча каражат талап кылынат? Бул биз үчүн өтө маанилүү мыйзам, аны мурда эле алып келишиӊер керек болчу", - деди.

Экономика министри бир стандартка болжол менен 65 миӊ сом жумшала турганын билдирди.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун башчысы Бекмамат Аданбаев: "Бул жылы 17 стандартты ишке ашыруу үчүн 1 миллион 100 миӊ сом акча талап кылынат. Келерки жылдын керектөөсү азырынча белгисиз. Биз жалпы жонунан 130 сунуш бергенбиз, азыр 113 сунуш кароодо турат", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: