super.kg logo

Ветеринардык инспекциянын директору малды идентификациялоодогу кемчиликтерди айтты

 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов малды идентификациялоодогу кемчиликтерди айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Кыргыз Республикасында ийри мүйүздүү малды идентификациялоо иши аяктады. Бул боюнча отчёт бергенбиз. 1 миллион 700 миңден ашык мал каттоодон өтүп, маалыматтык-бирдиктүү базага кирди. Идентификация маалымат базасы интернет менен электрондук негизде ишке ашат. Азыркы учурда 1500дөн ашык ветеринардык кызматкер менен бул багытта иш алып баруу үчүн келишимдер түзүлгөн. Өлкөнүн 91 айыл аймагында интернет жок. Буга байланыштуу малдын кыймылы кечиктирилип базага кирүүдө. Ветеринарлар кагазга жазышып, райондун борборуна келип маалымат жөнөтүп жатышат. Ошондой эле талапка ылайык мал союучу жайлар аз болууда", - дейт ал.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кириши чыгыштар так болбой кайра башаламан болууда иш жургузгондор кетип калды маалымдамалар берилбей жатат трактор керек
25.02.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяктабай эле былтыркы туулган торпоктор толуп жүрөт. Дагы туулуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: