Парламент комитетинде малды идентификациялоо иши каражат бөлүнбөгөндүктөн белгиленген мөөнөттө аткарылбаганы айтылды
Парламент комитетинде малды идентификациялоо иши каражат бөлүнбөгөндүктөн белгиленген мөөнөттө аткарылбаганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда комитет жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
"Малды идентификациялоо иши 2015-жылы аткарылып бүтүшү керек эле. Каражат бөлүнбөгөндүктөн өз убагында аткарылган жок. "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда белгиленген мөөнөттөрдү алып салдык. Өкмөт белгилеген тартипте аткарылат деп киргиздик. 2-кварталда чочколорду, 4-кварталда жылкыларды, 2020-жылдан баштап койлорду каттоодон өткөрүү пландалууда", - дейт ал.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

