super.kg logo
  Саясат  

"Өлкөдө көз жумгандардын 52 пайызы жүрөк оорусунан улам каза болот" дейт саламаттыкты сактоо министри

 

Өлкө аймагында каза болгондордун 52 пайызы жүрөк-кан тамыр оорусунан улам көз жумган. Мындай маалыматты бүгүн, 25-февралда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

"Тилекке каршы, каза болгондордун 52 пайызы жүрөк оорусунан улам көз жумгандар. Инсульт жана инфаркттын алдын алуу боюнча атайын аракеттер көрүлүүдө. Буюрса, ал аракеттер да ишке ашат", - деди Чолпонбаев.

Буга депутат Марлен Маматалиев: "Күндө элүүгө жакын адам инфаркттан каза болуп жаткан статистиканы көрүп капа болдум. Биз Индия, Пакистандан келген көп студентти медициналык жайларда окутабыз. Бирок өзүбүздүн жарандарыбыз чет жакка барып дарыланууда. Тиешелүү аракеттер көрүлүшү керек", - деди ал.

Отурумда “Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: