super.kg logo

Чүйдө 16 жашар кыз 1 айдан бери изделүүдө. Ал буга чейин да үйдөн чыгып кетип жүргөн

 

Чүй облусунда 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Бегайым Эдуард кызы изделүүдө. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБи билдирип, издөө салынгандыгын жарыялады.

Бегайым Эдуард кызы ушул жылдын 24-январында болжол менен саат 13:00 чамасында Кырман жаңы конушундагы үйүнөн Бишкек шаарында жайгашкан мектебине барам деп чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: Бою 165-168 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, кой көз, чачы кара жана каре кыркылган.

Кийип жүргөн кийимдери: Кызыл түстөгү күрмө, кара жынсы шым, бутунда кочкул көк түстөгү кышкы ботинка.

Изделип жаткан кыз тууралуу көргөн-билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин 0(312) 36-35-27 номерлүү нөөмөт бөлүмүнө, 0(312) 36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номерлерине жана 102 нөөмөт кызматына кабарлап коюуну райондук милиция өтүнөт.

Белгилей кетүүчү жагдай, милиция кызматкерлеринин билдиргенине караганда, Эдуард кызы буга чейин да бир нече жолу үйдөн чыгып кетип жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келет да бир куну
25.02.2019. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: