super.kg logo

Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иш БУУнун адам укуктары боюнча комитетинде каралат

 

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча документтер келип түштү. Бул тууралуу маалыматты "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ырастап, иш кароонун кезегинде турганын белгиледи.

Маалыматта айтылгандай, ишти комитет расмий түрдө каттап, анын мүчөлөрү карап чыгып, андан кийин өлкөнүн позициясын сурайт. БУУнун адам укуктары боюнча комитетине мамлекеттин жообу келгенден кийин укуктук клиниканын юристтери өздөрүнүн далилдерин келтиришет.

Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
25.02.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүке чыкса Алмазбек кантер экен?
25.02.2019. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазбектин журогу кармабаса эле болду)))
25.02.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке бир келген ооматы колдон чыгарды озу эле чыгартып койуш керек болчу,Батукаевге деле жол тапкан кантип Текебаевге жол жок болуп калды экен.
25.02.2019. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, туура. Жээнбеков кечикти. Эми чыгарткан күндө да Текебаев Жээнбековдорду жөн койбойт. Жээнбековдун биринчи буйругу Атамбаевге наам берүү эмес Текебаевге Жапаровго дагы бир топ күнөөсүз камалгандарга эркиндик берген мунапыс болгондо утат эле.
26.02.2019. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуш кыйын балким бары уюштурулган схемадыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: