super.kg logo

Бишкекте 9 күн мурун жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалында өзгөрүү жок. Ал дале комада жатат

 

Бишкекте мындан 9 күн мурун жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.

  1. “Бейтаптын абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда. Тилекке каршы, анын абалында эч кандай жылыш жок. Абалы оор болгондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал жол кырсыгында оор жаракаттарды алган, учурда комада. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деди Кубатбеков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен 8:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү айым оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Кийин стилист айымдын боору айрылып кеткени, баш мээси катуу чайкалып, баш сөөгү, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары да сынганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.02.2019. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш айыгып кет эртераак
26.02.2019. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargiza1987k,эртераак эмес,эртерээк болот
26.02.2019. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97, Туура!
26.02.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat.97,Туура айтасыз,эптеп эле жаза коюшат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: