super.kg logo

Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызынын абалы оор болгондуктан Бишкекке жиберилди

 

Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн 4 жаштагы кызы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүлдү. Анын абалы оор жана эсине келе элек. Бул тууралуу Талас облустук оорукананын директору Нурдин Усупбеков билдирди.

Анын айтымында, 23-февраль күнү 12 жаштагы ууланган баланын абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган.

"Жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай жаткан кызды Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөттүк. Бүгүн эртең менен абалын сураганыбызда эсине келе электигин айтышты", - деди Усупбеков.

Окуя 20-февралга караган түнү болгон. Андан бир күн мурун үй-бүлөнүн электр энергияга болгон карызы төлөнбөй, адистер электр жарыгын өчүрүп кетишкен. Буга байланыштуу алар үйдүн ичинде от жаккан меш болбогондуктан темир челекке от жагып, андан чыккан иске ууланып калышкан. Жыйынтыгында үй ичинде уктап жаткан үй кожойкеси менен бир кызы каза болуп, 12 жаштагы уулу менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Ал эми аталган үй-бүлөнүн 2483 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп кеткен монтёр менен инспектор жумуштан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.02.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекет мыйзам чыгарат, аны аткарган кишилер жазаланат. Аткарбагандар жыргап журушот
25.02.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызматтан кетирбей тарифти азайтыш керек
25.02.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Проблеманын чечүүнүн оной жолуп тандабай
25.02.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйдо меш болбогон эмес деп туура эмес айтып жатасынар. Меш болгон. Суу менен жылый турган паравой отопление
. От жакпайбыз деп аялы суусун тогуп салган экен свет очургондон мурда.
25.02.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булосу начар жашаган эмес жеьиштуу эле уй було болгон экен.
25.02.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nanei,жергиликтүү кеңештин депутаты деп жүрбөдү беле. Эми бул жерде чоң масштабдагы эмес болсо да, айылдын чиновнигинин бир күндүк свети жок калгандагы жашоосу деп түшүнүп атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: