super.kg logo

"Түнкүсүн ачка жатчубуз", "даараткана жуудурушчу". "Сапат" билим берүү мекемеси окуу жай тууралуу интернетке тараган билдирүүлөр боюнча үн катты

 

"Түнкүсүн ачка жатчубуз", "даараткана жуудурушчу", "кыштын ызгаар суугунда сыртка чыгарып коюшкан". Ушундай тариздеги бир катар билдирүүлөрдү "Сапат" билим берүү мекемемесинде окуп кеткен интернет колдонуучулары тарабынан жазылууда. Алар Твиттерге #metoosebat хештеги менен аталган билим берүү мекемесинин дарегине жаман билдирүүлөрдү жазып калтырышууда.

Бул боюнча SUPER.KG порталы аталган окуу жайдын жетекчисинин орун басары Амир Султанмуратовдун билдирүүсүн укту. Айтымында, буга чейин Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы түрк башталгыч мектеби тууралуу да жакшы эмес пикирлер айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина сөз сүйлөп, окуу жайдын жетекчилиги окуучуларга карата адепсиз иш-аракеттерди көрсөткөнүн билдирген болчу.

"Андан көп өтпөй эле мындай билдирүүлөр биздин окуу жайга карата айтыла баштады. Мындан улам бул жерде кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөндөр болуп жатат деген ой жаралды. Ага карабастан "Сапат" билим берүү мекемемесинде ички териштирүү иштери башталды. Окуучуларды, ата-энелерин чакырып мугалимдер менен биргеликте сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бизде мугалимдерге карата талап абдан күчтүү, бул териштирүү иштеринин жыйынтыгында кайсы бир мугалим окуучуларга карата туура эмес мамиле жасагандыгы аныкталса ишинен бошотулуп, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ал эми интернетке жазылган билдирүүлөргө токтолсом, окуу жайда өзүнө тиешелүү тартип, эрежелер бар жана алар сакталышы керек. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, жатаканада 200 бала же кыз жашайт. Анан ар ким өз каалаганындай жашасын десек туура болбой калат. Ошол эле учурда интернеттеги билдирүүлөр чындыкка жатпайт, аша чаап, бурмалап жазып жатышат. Бул бизди кабатыр кылууда", - деди Султанмуратов.

Социалдык тармакка тарап жаткан билдирүүнү калтыргандар мындай окуялар 5-6 жыл мурун болгонун жазышкан. Өз кезинде окуу жайдын жетекчисинин орун басары окуучуларга карата бир да жолу терс мамиле жасалбаганын белгиледи. Ошондой эле ал арыз менен бир да ата-эне кайрылбаганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
25.02.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздарды окутпай эле койгула турк оку жайларынан. Кыргыз кыздарды жоош деп билишет анан тийишет жашоосу бузулат.
26.02.2019. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Atas, турк лицейлерден тарбия алган кыздарды тааныйсынарбы? Эн жакшы тарбиялуу кыздар ошол жактан буткон.
25.02.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен негизи бул мектепке каршымын , бирок чындап ошондой болсо жазган адамдар эмнеге аты жонун так жазган эмес англисче болбогон атты жазып. Чындыкты айткан адам убагында айтат 7 жылдан кийин эмес!! Саясатчылардын сасык оюну болушу мумкун!!
25.02.2019. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жазгандар Түркияда окуп келген, Эрдогандын саясатын колдогондор болушу мүмкүн... Биздин мамлекет жаппай койбодубу , Эрдоганды укпай... Анан информациялык чабуулга өткөн кербези го
25.02.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи мамлекеттин ичинде башка бир топ же чет мамлекет тарабынан ачылган мектептер тыкыр көзөмөлгө алынышы керек. Билим берүү жагынан мына ушуларга атаандаштык жарата алган мамлекеттик мектеп, лицейлер ачылыш керек
25.02.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Себаттын системасын колдойм.Ким билет балким чындыгы бардыр.Себаттан чыккан балдар эң жаман окусада,адамгерчиликти ордуна коерун фактический билем
25.02.2019. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жалган. Чын болсо чыксын видео тартып. Туура болсо, окуган болсо аны бирөө урушмак беле? Окууну бүткөн болсо, эмне аны окуудан айдап жибермек беле? Коркпой чыксын, болбосо кысып отурсун
26.02.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечекте балдарымды ушул мектепке берем, буюрса.Бул мектептин билим берүүсү салыштырмалуу кыйла жогору.
26.02.2019. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Себаттай күчтүү мектеп бизде жок. Номер 61 мектеп дагы чээндебейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: