super.kg logo

Казакстандын өкмөт башчысы болуп Аскар Мамин дайындалды

 

Казакстандын өкмөт башчысы болуп Аскар Мамин дайындалды. Мындай маалымат Акордонун сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-февралда өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев өкмөт башчылыкка Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштап, Мажилис депутаттары бир добуштан колдоп беришти. Андан кийин Назарбаев Аскар Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Казак президенти Назарбаев 21-февралда Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөттү сынга алып, өкмөт отставкага кеткен. Андан кийин Сагинтаевдин биринчи орун басары Аскар Мамин өкмөт башчынын милдетин аткарып баштаган.

Аскар Мамин учурда 53 жашта. 2016-жылдын сентябрында өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалганга чейин Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, андан кийин Индустрия жана соода министринин орун басары болуп иштеген. Андан сырткары Астана шаарынын мэри жана "Казакстан темир жол" ишканасын жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: