super.kg logo

Ошто аялын 500 сом үчүн сабап өлтүргөн шектүү анын жансыз денесин эки күн үйүндө кармап жаткан

 

Ош шаарында аялын сабап өлтүрдү деп шектелген жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү) менен иш козголгон. Шектүү аялынын жансыз денесин эки күн бою эч бир тийиштүү жерге кайрылбастан үйүндө кармап жаткан.

лгачкы тергѳѳ иштери кѳрсѳткѳндѳй, ушул жылдын 19-февраль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну Э.А. ѳзүнүн 35 жаштагы аялы М.Г. менен чырдаша кетип, аны ур-токмокко алган. Натыйжада жабырланган аялы оор абалда диванга жаткан боюнча каза болуп калган. Кылмышка шектүү Э.А. өз түшүндүрмөсүндө аялы ошол күнү апасынан 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана келгенде ал акчаны эмнеге коротконун сураса айтпагандыгын, ошондой эле шектүү ошол учурда мас абалда болгондуктан жаңжал чыгып кетип, ургандыгын айткан".

Шектүү аялы каза болуп калса дагы "Тез жардам" кызматын, милиция органдарын чакырган эмес. Кылмышка шектүүдѳн эмне себептен аялынын ѳлүмү тууралуу тиешелүү органдарга кайрылбаганын сураганда сасык тумоо болуп ооруп, билдиргенге мүмкүнчүлүгү болбой калгандыгын айткан.

"Ош шаардык соту кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматы.

Буга чейин үй-бүлөлүк уруштан улам 46 жаштагы жолдошу 35 жаштагы аялын сабап койгон. Натыйжада аялы жаткан жеринде каза болуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.02.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу, ушундай суук кабарды укканда журок зырылдай турган болуп калды.
26.02.2019. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жок ичкенине чыдап жашап келе жатса! Арзыбаган акча учун олтуруп
26.02.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ камап салсын нары. Омур бою эркинен ажыратылсын Озубузго ыйман сурайлы.
26.02.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Туура кылыптыр эр бул аялдын кудайы
26.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akyl78.1501,Кечиресинго Аллах жалгыз аялдын Кудайы деген туура эмес,бирок эркектин уруксаты жок эч нерсе кылбаш керек деген туура.Создон жанылбаш керек.Катту тийсе кечир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: