super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет

 

Саясатчы Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берет. Бул тууралуу ал Некст.ТВ каналына маек берип жатып айтты.

Саясатчы БШКны сотко берүү чечимин 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодогу айрым жагдайлардан улам кабыл алган.

"Борбордук шайлоо комиссиясы сыртта жүргөн 18 миң 500 жаран шайлоого катыша алат деп чечим чыгарды. Алар ким мындай чечим чыгарганга? Кыргыз мамлекетинин жарандык паспорту бар адам шайлоого катышууга жана шайланууга укугу бар деп Баш мыйзамда так, даана жазылып турат. Ошондо 18 миң 500 жарандан башкаларынын мындай укугун ким алып койду? Жарым миллиондон ашык Кыргыз жарандары Орусияда, Түркияда, Кореяда, Казакстанда жүрүшөт. Алардын укугун ким коргойт деген маселе көтөрүлдү.

Москвада жайгашкан Орусиядагы Кыргыздын элчилиги жарандарга шарт жаратмак турсун каттоодон өткөн жарандарды ур-токмокко алып, эшиктин оозунда туруп алып кимге добуш бересиң деп сурак кылышкан. Ал жерден электен өткөрүү - жапайычылык. "Керектүү кишини колдойм десең киресиң, болбосо кирбейсиң" деп эле сыртка көкүрөктөн түртүп чыгарып коюп жатышты. Мунусу аз келгенсип нааразы болгон адамдарды милицияны чакырып ур-токмокко алышкан. Бул боюнча видео, документтик фактыларыбыз бар. Мына ошолордун баарын жыйнап келип БШКны сотко берүүнү чечтик.

Эмне үчүн 18 миң 500 жаран гана катышты? Биз чет элде жүргөн бардык жарандардын укугун коргойбуз, биз сырттагы азаматтардын жарандык, адамдык укуктарын коргоого милдеттүүбүз", - деди саясатчы.






Адахан Мадумаров БШКны сотко берет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: