Жалал-Абад. Жыл башынан бери Жалал-Абад шаарында төрөттөн көз жумган энелер боло элек



Бүгүн, 24-июлда Жалал-Абад шаардык мэриясында 6 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын болду. Ага шаар башчысы Муктар Арапбаев жана башка тийиштүү жетекчилер катышты. Жыйында шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери жарым жылда жасаган иштери боюнча маалымат беришти. Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Маматалиева 6 ай аралыгында шаарда 1109 ымыркай төрөлгөнүн билдирди. Төрөт учурундагы энелердин өлүмү 6 айдын ичинде катталган эмес.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

