super.kg logo

Орусияда 3 жаштагы кыздын ачкадан каза болушуна себепкер болгон апасы аны 2 жыл мурун балдар үйүнө берүүнү чечкен

 

Орусиянын Киров облусунда 3 жаштагы кызын жалгыз бир аптага батирге камап койгон аял учурда камакта. Анын мындан 2 жыл мурун эле кызын балдар үйүнө бергиси келгенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ал интернет баракчасынын бирине бул ниети тууралуу жазып, бул чечими үчүн катуу сынга албоону колдонуучулардан суранган. Бирок ал бул чечими менен балдар үйүнө кайрылганбы-жокпу али белгисиз.

Мындан тышкары маалыматта кыздын атасы да табылганы жазылат. 25 жаштагы Алексей өзүнүн билдирүүсүндө буга чейин кызы кандай жашап жатканынан маалыматы жок болгонун айткан. Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасына "менин сүйүктүү кызым, тынч укта" деп жазган. Мындай аракети колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынып, аны мерез адам катары сыпаттагандар көп.

20-февраль күнү Кировдогу батирлердин биринен 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Кыздын денесинде эч кандай кыйноо белгилери болгон эмес. Дарыгерлер медициналык кароодон кийин ал ачкадан жана үшүп каза болгонун билдиришкен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 21 жаштагы Мария П. аттуу келин кызын атайын үйүнө камап коюп кетип калганы аныкталган. Кызынын туулган күнүндө жаш эне аны социалдык тармак аркылуу куттуктап, "менин жашоом, чоңоюп калдың, бүгүн сенин күнүң" деген билдирүү калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мария П сен өзүн П экенсиң
26.02.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип чыдады 3 жаштагы кызын уйго жалгыз таштап эки уч саатка таштап эмне болду деп чыдабайсын Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: