Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралат
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Комитет жыйынында Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.
Андан сырткары "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыктары боюнча маалымат угулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.