super.kg logo

Аэропорт демейдегиден башкача. Башкы штабдын оркестри "Кыргыз маршы", "Кыз куумай", "Кара жоргону" аэропортто жаңыртты

 

"Манас" эл аралык аэропорту менен Кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы аэропортто музыкалык флешмоб уюштурду. Башкы штабдын оркестри аткарган түрдүү композициялар аэропорттун залын жаңыртып, өлкө аймагына кирип келгендерге ары таң калычтуу, ары жагымдуу маанай тартуулады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, видео менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, иш-чара 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган.

"Акциянын башталышында аэробекеттин 2-кабатындагы залда барабандын үнү жаңыра баштады. Андан кийин чыгыш жанан батыш тараптан марш тепкен мекен сакчылары музыканын коштоосунда чыгышты. Мындай көрүнүштү күтпөгөн жүргүнчүлөр патриоттук сезимге чулганды. Жалпы 42 аскер кызматкери оркестрдин коштоосунда марш тебишти", - деп жазылат маалыматта.

Флешмобдун жүрүшүндө Дастан Жуматай уулунун дирижёрлугу алдында "Кыргыз маршы", "Кыз куумай", "Кара жорго" жана башка композициялар жаңырды.






Аэропорттогу оркестр коштогон флешмоб

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
Медиа-портал
26.02.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң соонун көрүнүш
26.02.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерлерибиз ушинтип эле бийлеп турсун, өлкөбүздө тынчтык гана болсун!!! Азаматтар!!!
Медиа-портал
27.02.2019. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне видео окубай жатат реклама болуп туруп алды?
Медиа-портал
27.02.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AzKumFerDan, саламатсызбы! Сиз кайсы браузер менен көрүүгө аракет кылдыңыз эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: