Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде чет элдик жарандарга Кыргыз мамлекетинин паспортун берүүдө этияттык менен иш жүргүзүү керек экени айтылды
Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Жыйында депутат Анвар Артыков Орусиядагы мигрант ата-энелер балдарына паспорт ала албай кыйналып жатканын айтты.
"Мага Орусияда иштеп жүргөн ата-энелер балдарын өздөрүнүн жанына алып кетүү үчүн Кыргыз мамлекетинен паспорт ала албай жатканын айтып кайрылышууда. Алар сөзсүз түрдө өздөрү келип балдарына паспорт жасатуусу керекпи? Жакын туугандарына ишеним кат жазып беришсе дагы Мамлекеттик каттоо кызматынан паспорт бербей жатыптыр", - деди Артыков.
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү ата-энеси балдарын жанына алып кетүү үчүн паспорт жасатууга кайрылгандардын иши убагында чечилип жатканын билдирди.
Мындан тышкары депутат Каныбек Иманалиев терроризм-экстремизмге айыпталып сырт жактан кармалган үч жаран тең Кыргыз өлкөсүнүн паспорттун алганын айтып, чет элдик жарандарга паспорт берүүдө этияттык менен иш жүргүзүү керек экенин эскертти.

