super.kg logo

АКШда ак жерден күнөөлөнүп түрмөдө 39 жыл отурган адамга 21 миллион доллар берилмек болду

 
Крейг Коли
Крейг Коли 31 жашында камакка алынган
1978-жылы өлтүрүлгөн келин менен баласы

АКШнын Калифорния штатындагы Сими-Вэлли шаардык бийлиги ак жерден камалып, 39 жылдык өмүрүн түрмөдө өткөргөн Крейг Коли аттуу жаранга компенсация иретинде 21 миллион доллар төлөп берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Колини сот 1978-жылы мамиле түзүп жүргөн келинди жана анын 4 жашар баласын өлтүргөнгө күнөөлүү деп тапкан. Калифорниянын губернатору 2017-жылы Крейг Колиге ырайым кылып, ишти кайра каратканда ал күнөөсү жок жерден эркиндигинен ажыраганы белгилүү болгон.

Иш кайра тергелгенде Колинин күнөөсү жок экенин тастыктаган ДНК үлгүлөрү табылган. 1970-жылдарда ДНК анализ алуу кызматы жок болгондуктан Крейг Коли коңшуларынын көрсөтмөсүнүн негизинде суракка алынган. Кийин анын үйүн тинтүү учурунда кан болгон шейшеп, сүлгү, өлтүрүлгөн келиндин чачтары табылган. Коли күнөөсүн моюнуна албаганына карабай өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми жаңыланган тергөө ишинин алкагында ДНК анализ жүргүзүлүп, каза болгон келиндин шейшебиндеги шилекей, сперма Колиге тиешелүү эмес экендиги аныкталган. Мындан кийин 2017-жылы Крейг Коли 70 жашында эркиндикке чыккан.

Маалыматтарга караганда, келин менен баланы өлтүргөн адам азырынча табыла элек.

"Акча каражатынын суммасы канчалык көп болсо да Крейг Колинин башынан өткөн мүшкүлдү жууп кете албайт. Сими-Вэлли шаардык бийлиги ага 4 миллион 900 миң доллар бөлөт. Калган 16 миллион 100 долларды камсыздандыруу компаниялары менен башка мекемелер төлөп берет", - деди шаар мэри Эрик Левитт.

Маалыматта белгиленгендей, бул Крейг Коли эркиндикке чыккандан кийинки экинчи компенсациясы. Буга чейин Калифорния губернатору ага штаттын аткаруу органынын бюджетинен 2 миллион доллар төлөп берүү буйругуна кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
26.02.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайран омур, акчаны омурго алмашмак беле андан коро ошол сот, прокурорлорду каматыш керек.
26.02.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул жонундо кино тартса сонун болмок. Кайран омур турмодо жон жерден отту. Андай тергоочу, сот жана прокурорду атыш керек.
26.02.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Akshumkar,Биздин соттор артта калышып 1970 жылларда ишиеп журушот!
26.02.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
21 миллион доллар бергени курусун. Абактагы өткөн өмүрүн ким кайтарып берет.
26.02.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошончо жыл сакталып турган экен да шейшеп жана андагы күмөн жаратуучулар...
26.02.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаштыгынын көбү түрмөдө өткөн экен да, эми карыганында, байкуш киши, же семья жок
26.02.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде болгондо качан шейшепти жок кылып ишти жаап орттоп жиберишет эле
26.02.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зынанын кесепети
26.02.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштыгынын баары түрмөдө өткөн экен да.. Эми калган өмүрүн татыктуу жашаса экен
26.02.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче уже кеч жашооун талкалап бутушуптур не за что жаль..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: