super.kg logo

Экономика министри өкмөт башчыга 4 орун басары менен кошо кызматтан алуу тууралуу кат жазган

 

Олег Панкратов өкмөт башчыга 4 орун басары менен кошо кызматтан алуу тууралуу кат жазган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди.

Депутат: "Эгерде Олег Панкратовдун командасы менен чогуу кызматтан кетүү тууралуу каты премьер-министрде жаткан болсо, анда өзү эле кетсин. Ал эми анын орун басарлары ишин жакшы алып барууда. Алар ордунда калып иштесин", - деди Нурбаев.

Учурда экономика министринин орун басарлары - Эльдар Абакиров, Эльдар Алишеров, Автандил Алыбаев жана Дастан Кадыров.

Жыйында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим тууралуу маселе каралды. Бирок бул маселе боюнча өкмөт өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп бере албагандыктан артка кайтарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: