super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Карим Бензема: "Мурда мен Роналду үчүн ойноп жүрсөм, азыр өзүм чабуулдун лидеримин"

 

Испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Карим Бензема чет элдик басылмаларга Криштиану Роналду командадан кеткенден кийинки өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

Бензема маегинде анын оюну Роналдунун айынан көмүскөдө калып жүргөнүн айткан.

"Мурда "Реалда" жыл сайын 50-60 гол жаратып жүргөн Роналду бар болчу. Мен ал үчүн гана ойночумун. Талаанын кайсы бурчунда болбоюн мен гол жаратууга көмөк болуу үчүн Криштиануну издечүмүн. Азыр абал башка. Команданын чабуул тарабы менден гана көз каранды. Өзүм каалаган чыныгы оюнду көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын", - деп билдирген Бензема.

Криштиану Роналду өткөн жылдын жай айларында 112 миллион еврого "Ювентус" клубуна өткөн. Буга чейин ал "Спортинг", "Манчестер Юнайтед" жана "Реал Мадрид" клубдарынын курамында ойноп келген.

Карим Бензема 2009-жылдан бери мадриддик клубдун катарында ойноп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
26.02.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кучтуу футболчу.Франция улуттук курамга чакырбаганы окунучтуу
26.02.2019. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бенземанын бир минусу, дарбазада жаза баскандыгы.Калганынын баарына беш деген баа берем.
27.02.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХ АбдиКарим жон эле ойной берчи...
Модератор admin_media түзөттү 2019-02-27 11:54:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: