super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Конституциялык палатанын төрагасын журналисттерге экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу комментарий бергени үчүн сынга алышты

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Конституциялык палатанын төрагасы ЖМКнын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүп, экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору боюнча комментарий бергени боюнча талкуу болду.

"Конституциялык палатанын айрым мүчөлөрү кээ бир адамдардын укугун коргосо коргой берсин, бирок анда кызматын тапшырсын. Палатанын төрагасы маалымат жыйын өткөрүп, кабыл алына элек, Жогорку Кеңештин комитетинде 2-окууда каралган экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору боюнча комментарий берип жатат. Анткенге эч кандай укугу жок, бул нерсе Конституциялык мыйзамда так жазылган. Мыйзамдарды чечмелегенге да укугу жок", - деди депутат Исхак Масалиев.

Эл өкүлдөрү Конституциялык палатанын төрагасы баш болуп чыгып ЖМКнын өкүлдөрүнө комментарий бергени аша чапкандык деп баалашты. Айрым депутаттар "Конституциялык палатанын төрагасы 2020-жылы өтө турган шайлоо бүгүнкү күндөгү систем менен өтөт деп баа бергенге кандай укугу бар?" деген суроо көтөрүштү.

Депутат Бакыт Төрөбаев: "2020-жылдагы шайлоого даярдык башталды. Урматтуу коллегалар, шайлоо кодексиндеги кемчиликтерди жоюу керек. Себеби шайлоодон кийин бизге терс пикирлер болбосун. Биздин сунуштар бар. 2011, 2015, 2017-жылдагы шайлоолордогу кетирилген кемчиликтердин баары эске алынып, андан жыйынтык чыгаруу керек", - деп кошумчалады.

"Сот реформасы боюнча биз бир айдан ашык убакыт бергенбиз. Өкмөттүн өкүлү, сот бийлигинин жетекчиси бизге бул боюнча маалымат бериши керек. Андан кийин биз Жогорку Кеңешке киргизели. Комплекстүү маселени чечип кетүүгө кандай аракеттер көрүлүп жатат, мыйзамдар дал келишпегенде жаралган маселелер кандай чечилип жатат, ушул суроолорго жооп болушу керек. Март айында майрамдар бар, биз ушул меселе боюнча тиешелүү маалыматтарды март айынын биринчи декадасында уксак жакшы болмок", - деп кошумчалады Мыктыбек Абдылдаев.

Буга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков "Нооруз майрамына чейин бул боюнча маселе каралат" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: