super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин тармактык комитетинде Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушу кечигип жатканы айтылды

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда унаа жолдорунун абалы, унаа жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулду.

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев: "Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушу качан аяктайт? Эмне себептен иштер токтоп турат? Кыштын аяктоосун күтпөй эле жол нугун даярдоо иштерин жүргүзө берсе болмок", - деди.

"Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 1 чакырымынын курулушуна болжол менен 1 миллион 600 миӊ сом сарпталат. Техникалык талаптарга ылайык, кыш мезгилинде жол курууга болбойт. Алдын ала түзүлгөн убакытка ылайык, бул жолдун курулушу 2020-жылдын күз мезгилинде толугу менен аяктайт", - деди транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов.

Ал эми айрым депутаттар Түндүк-Түштүк унаа жолунун курулушу кечигип жатканын айтышты. Транспорт жана жолдор министри күн жылыса эле курулуш иштери башталарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: