super.kg logo

Эл өкүлдөрү аймактардагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду

 

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Анда депутаттардан бир катар сунуш, сын-пикирлер айтылган соң мыйзам долбоору эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

"Көйгөйдү чечип келбей, компьютердеги текстти көчүрүп жазып коюп келип жатасыңар. Эки мыйзам долбоорунун айырмачылыгы эки жыл, бирок долбоордун тексти жадакалса тексттеги сызыкчалары да окшош. Кичине эмгек кылыш керек да. Жанагы даяр нерсени эле алып, сызыкча жерине башка санды же аталышты жазып эле алып келе бербей", - деди депутат Мыктыбек Абдылдаев.

Депутат айткан мыйзам долбоору өкмөттүн токтому менен 2017-жылдын 13-октябрында бекитилген. Ал эми экинчи мыйзам долбоору 2018-жылдын 26-декабрында бекитилген.

Эл өкүлү өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, эки мыйзам долбоорунун тексттин атайын салыштырып карап чыкканын белгиледи. Буга өкмөт өкүлү эч кандай жооп кайтара алган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: