super.kg logo

Бишкекте биринчи жолу уникалдуу жай ачылды

 

Бишкекте биринчи жолу “Улица Мясная 52” аттуу уникалдуу жай ачылды. Ал өзүнө ресторандын гастрономиялык чүйгүн тамак-ашы менен бар ичимдиктеринин кеңири түрүн камтыйт. Бир канча концепциялардын мындай биригүүсү КМШнын бардык өлкөлөрүндө өтө тез өнүгүүдө жана ал гастрономиялык паб деп аталат.



"Улица Мясная 52" - гастрономиялык пабдын эң мыкты тартибинде жасалган жана бул жайдын гастрономиялык чүйгүн тамак-ашынан даам сызып, жайлуу орунда убактысын өткөрүүнү каалагандарга түзүлгөн. Гастрономиялык чүйгүн тамак-аш деп жазып жатып, бул жайдын урааны “жөнөкөй жана даамдуу” деген фразадан турарын баса белгилегибиз келет. Себеби бул жердеги меню ар бирине түшүнүктүү. Эттен жасалган тамактарга жана шишкебекке өзгөчө көңүл бурулган. Бардагы ичимдиктердин арасында түрдүү табиттеги адамдарга чоң ассортимент бар.

"Улица Мясная 52" бир гана күндүзү эмес, жумуш убактысынан кийин да достор менен чер жазып отурууга эң мыкты жай. Гастрономиялык пабда бийлөө үчүн аянтча жок, бирок жандуу үн менен коштолгон музыка бар. Ал жагымдуу маанайды жаратып, баарлашуу учурунан да алаксытпайт.

"Улица Мясная 52" ачылган биринчи күнүнөн тартып конокторуна жагымдуу акцияларды жүргүзүп жатат. Анын бири – туулган күн ээсине арналган акция. Эгерде кардар туулган күнүн "Улица Мясная 52" жайында өткөрсө, анда ага кара кутунун ичине салынган белгилүү суммадагы акча же белек тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Көңүл ачууну жактыргандарга "Улица Мясная 52" баш-оту менен берилип жыргап эс алган конокко да акция жүргүзөт. Аларга кийинки күнү ачуу шорпо же сыра кружкасы белекке берилет. Аталган жайда алгылыктуу баада бизнес-ланчтардын жакшы пакети каралган. Түшкү тамак учурунда буюртмаңызды бир саат күтүп отурбайсыз же персоналдын жай кыймылынан улам жумушка түшкү тамаксыз кетпейсиз. Кафеде мындай эреже бар: эгерде түшкү тамакка буюртма бергениңизден кийин аны 20 мүнөттөн соң алып келишсе, анда сизден акы алынбайт. Сынап көргүңүз келеби? Анда саатты карап туруңуз.



Эгерде "Улица Мясная 52" жайында 12:00дөн 17:00гө чейин иш боюнча жолугушууларды өткөрө турган болсоңуз, анда сизге кофе же чай тартууланат.

Төлөө кагазы 3 миң сомдон ашыкча чыккандарга бонус-браслет каралган. Ушундай 3 браслетти чогултуп, сиз XL деген сыра түрүн бекер ала аласыз. Эгерде 5 браслет чогултсаңыз, анда гастрономиялык паб сизге XXL деген эттен жасалган даамды тартуу кылат. Аталган жай банкеттерди өткөрүүгө да ылайыктуу, ал эми алпаруучу конокторду эриктирбейт.



"Бул жай чынында укмуштуудай, мындайды Бишкектен кезиктире элек болчумун", - дейт жаңы жайга келген Айгүл.

"Биз гастрономиялык пабга бара жатып өтө деле көп эмес тамактын түрү бар, бирок ичимдиктердин кенен ассортименти болот деп ойлогонбуз. Келген соң бул жайдагы меню аябай жакшы иштелип чыкканын көрүп таң калдык", - дейт достору менен келген Нурсултан.

"Бизге аталган жайды эркектер гана бара турган жер дешкен. Ошол үчүн эркектерди куттуктайлы деп келгенбиз. Бирок көңүлдүү убакыт өткөргөндөн кийин кыздарга да жагарын көрдүм. Өзгөчө картиналар менен кооздолгон коридор жакшы ойлоп табылыптыр. Эң мыкты селфи сүрөттөр ошол жерден чыкты!" - дейт Айдана.

"Улица Мясная 52" аталышындагы гастрономиялык паб Байтик баатыр көчөсү, 52 дарегинде жайгашкан.
Телефон: 0555097816

Instagram: @streetmeat.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
26.02.2019. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир барып олтуруш керек экен, жаль Бишкекте экен.
26.02.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Макташы мактапсынар бирок баасы кандай экен
26.02.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге орусча
26.02.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Flowhive, Кыргызча атасан элдер келбей коёт бизде
26.02.2019. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Үй бүлөлүү эркектерге да аялдарга кыздарга ынсап берсин!
26.02.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми адамдар олуп эле калат экен да атайын тамактарын мактанып селфи кылып соц.баракчаларына жуктоп. Айрыкча кыргыздар ушундай го. Ресторандан тамактанса эле сразу телефон алып селфи кылып)))))))
27.02.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чачыкейдин чайханасы деп аташ керек эле
02.03.2019. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжелика эртен эле жетип барып жарнама сельфи кылып келет.
04.03.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын эли бай деген сөзгө дал келип турат, бирок мамлекет жакыр карыз коп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: