Көмүр кенинен чыккан калдыктардан улам суусу булганган Өзгөндүн айылдарына таза суу кайрадан бериле баштады
"Кум-Бел" көмүр кенинен чыккан калдыктардан улам суусу булганган Өзгөндүн Зергер жана Кара-Таш айылдарына таза суу жеткирүү жандандырылды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айылдарга таза сууну "Цзинь Лун" тоо кен ишканасы чыгарып берген.
"Техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен "Цзинь Лун" жоопкерчилиги чектелген коомуна калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча эскертүү берилген.
Натыйжада, бүгүнкү күнү Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу берилди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, узундугу 8 миң метрди түзгөн суу түтүгү тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Кум-Бел" көмүр казуучу кенинен ыплас, ыш аралашкан суу агып чыгып, Зергер суусуна кошулуп жаткандыгын "ЭЛДИК КАБАРГА" окурман билдирген. Ал "Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Байылдын эли ушул суудан ичет. Сууга кошулуп жаткан ылай суу жаман заттар менен ичүүчү сууну булгап жатат. Ушул маселеге жогору жактан көңүл бурулушун талап кылабыз", - деген.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кырдаалды иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

