super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов: "Аксыдагы чек арада болгон атышууга катыштыгы бар 3 чек ара кызматкери тергөө иштери бүткүчө мамлекеттик чек араны коргоодон четтетилди"

 

Аксы районундагы чек арада болгон атышууга катыштыгы бар болгон 3 чек ара кызматкери тергөө иштери бүткүчө мамлекеттик чек араны коргоодон четтетилди. Бул тууралуу КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. Айтымында, Чек ара кызматынын ички тартибине ылайык, кызматкерлерге кылмыш иши козголсо же кандайдыр бир жаңжалдарга тиешеси бар болсо, алар автоматтык түрдө кызматынан четтетилет. “Бирок өздөрүнө тиешелүү башка кызматын аткарып жүрө беришет. Окууларга чыгышат, күзөттө турушат. Бир гана чек араны коргоого чыгышпайт. Ал эми учурда бул кылмышка ким күнөөлүү экендиги такталууда. Окуяны эки өлкө өз-өзүнчө иликтемей болду. Азырынча бир жыйынтык айтууга эрте”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: