super.kg logo

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кароо үчүн каттоого алды

 

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кароо үчүн Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети расмий түрдө каттоого алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, эми ишти комитет мүчөлөрү карап чыгып, андан кийин өлкөнүн позициясын сурайт. БУУнун адам укуктары боюнча комитетине мамлекеттин жообу келгенден кийин укуктук клиниканын юристтери өздөрүнүн далилдерин келтиришет. Бирок БУУнун адам укуктары боюнча комитети саясатчыга козголгон кылмыш ишти аз күндүн ичинде карап жиберет деген маалыматтар жок.

Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2019. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир далил жок сайасий буйрук менен камап жиберди! Неге Атамбаевти камабайт Кыргызстанды ушунча карызга киргизген ошо. Бизде адилеттик жок. Алаккандай кыргыз жерин онуктуром деп чыккандарды эле камап атат, Бир убак келип Атамбаевтин дагы жооп берер куну келер.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: