super.kg logo

Астротөлгө: 27-февралда төрөлгөндөр үчүн жакындарынын бактысы биринчи орунда турат

 

Бул күнү жарыкка келгендер башка балык жылдызындагылар сыяктуу эле сезимтал келишет, бирок буларда өтө жогорку сезгичтик сапат бар. Айрыкча адамдардын маанайын, эмоциясын губка сымал сиңирип алып, аларга кандай мамиле кылыш керек экенин билип, керек болсо жардам берип турушат. Ошентип бирөөлөрдүн камын жеп жүрүп айланасына көптөгөн адамдарды чогултушат.

Эргүү менен иштеген, элпек, жумшак мүнөз бул адамдар бирөөнү сындаганды жаман көрүшөт. Жумушта кесиптештерине, үй-бүлө мүчөлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылат. Башкалардын, жакындарынын кубанычы, бактылуу болуп турушу алар үчүн маанилүү, ошондуктан аларга мындай жагдай түзүп берүү үчүн болгон аракетин жумшайт. Илимдүү-билимдүү адамдар менен мамиле түзүп, алардан жаңы нерсени билип, ой жүгүртүүсүн кеңейтип турууну каалашат.

Романтик жана камкор бул адамдар сүйүү үчүн курмандыкка барышат, анын биричиси эле түгөйүнүн кызыкчылыгын өзүнүкүнөн биринчи орунга койгондугу. Мындай мамилени түшүнүп, колдоо көрсөтүп турган түгөйүн жолуктурса урабас, бекем үй-бүлөнү курушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: