super.kg logo

Орусия Кыргыз жеринен жана Казакстандан ташылып бараткан 52 тоннадан ашык жүктү артка кайтарды

 

Орусия Кыргыз жеринен жана Казакстандан ташылып бараткан 52 тонна 800 килограмм жүктү артка кайтарды. Мындай маалымат Орусиянын Ветеринардык-фитосанитардык көзөмөл кызматынын расмий сайтына 25-февралда жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, аталган кызматтын инспекторлору 18-февралдан 24-февралга чейинки аралыкта Новосибирск аймагындагы "Карасук" өткөрүү пунктунан Кыргыз жеринен жана Казакстандан ташылып бараткан жүктөрдүн мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында, 52 тонна 800 килограмм кургатылган жер-жемиштин фитосанитардык сертификаты жоктугу аныкталган. Мындан улам жүк артка кайтарылып, күнөөлүү тараптар жоопкерчиликке тартылганы айтылат маалыматта.

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы 52 тонна 800 килограмм жер-жемиштин 1 тонна 200 килограммдайы гана Кыргыз өлкөсүнө таандык экенин кабарлады.

"Айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн коопсуздугу боюнча фитосанитардык сертификаты жок экспорттоочулар өздөрүнө жана мамлекетке экономикалык жактан зыян алып келип жатканын баса белгилеп кетебиз. Фитосанитардык сертификатты министрликтин алдындагы Өсүмдүктөр карантини департаменти тарабынан 500 килограммдан жогорку жүккө 492 сомго берилет", - деп кабарлашты министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2019. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да оздорундой мамиле кылыш керек
27.02.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз эч качан оздорундой мамиле жасай албайбыз ал учун орус же казак болушубуз керек биз нукура каны таза журогу таза конулу таза Кыргызбыз бизге андай орой мамиле кылуу жарашпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: