super.kg logo

Орусияда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн активисттер тобу Жалал-Абаддагы балдарды социалдык жактан калыбына келтирүүчү мекемеге жардам көрсөтүштү

 

Орусияда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн активисттер тобу Жалал-Абаддагы балдарды социалдык жактан калыбына келтирүүчү мекемеге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Ал Москвада активисттер тарабынан "Эл башчылар" деген топ түзүлгөнүн айтты. Ага Кыргыз жериндеги 7 облустун жарандары кирген. Топто 15ке жакын жаран бар.

"Топтун мүчөлөрү буга чейин кайрымдуулук иштерин жасап келгенбиз. Мындан ары биргеликте жасайлы деген ой болду. Кандайдыр бир иш-чараны жасаар алдында чыгашаны эсептеп каражат топтойбуз. Бара-бара фонд ачабыз деген ниеттерибиз бар. Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине азык-түлүк, кир жуучу каражаттарды сатып алып бердик. Баткен, Ош, Жала-Абад облустары, Бишкек шаарындагы муктаж болгон жарандарга жардам берип келебиз. Эми Кыргыз жериндеги башка шаарлардагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткандарга да жардам берип турабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: