super.kg logo

Бишкекте ооруканада оор абалда жаткан жарандын жакындары табылды. Бирок колу-бутун кесерде өзү каза болуп калды

 

Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна 13-февралда "Тез жардам" кызматы аркылуу жылуулук түтүктөрү өткөн жайдан алынып келип, жакындары изделип жаткан Уметалы аттуу жаран каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге үй-жайсыз калгандарга көмөк көрсөтүп келген "Фонтан жизни" уюмунан кабарлашты.

Аталган уюмдун өкүлүнүн айтымында Уметалы бүгүн, 26-февралда жакындары табылган учурда каза болуп калды. Маалым болгондой, Уметалы Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1969-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

"Кечээ ооруканага барып Уметалынын оор абалда жатканын көргөм. Өзүнөн маалымат алайын десем эч нерсе айтып бере албай койгон. Дарыгерлер аны "Тез жардам" кызматы аркылуу жылуулук түтүктөрү өткөн жайдан алып келишкенин, бир-эки күндө эки бутунун жана эки колунун манжалары кесиле турганын айтышкан. Дароо сүрөтүн интернетке жарыялап жакындарын издеп баштагам. Бүгүн Кадамжай районунан айылдаштары, жээндери байланышка чыгып аны тааный турганын айтышкан эле. Алар менен сүйлөшкөн соң Улуттук хирургия борборуна чалсам ал бүгүн операция учурунда жүрөгү токтоп каза болуп калганын айтышты. Азыр жакындары аталган борборго келип сөөгүн Кадамжай районуна алып кетүү аракетин көрүп жатышат. Уметалынын ата-энеси каза болуп, бир туугандары Орусияда экен", - деди уюмдун өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: