super.kg logo

Сапар Исаковдун тарапташы: "5 ай өкмөт башчы болуп иштеген Исаков 9 айдан бери камакта отурат"

 

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаковдун жана дагы 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу өтүүдө. Соттук уктуруу жабык өтөрү белгилүү болду.

Учурда соттун имаратынын алдында айыпталуучулардын жакындары, тарапташтары топтолуп турушат. Алар соттон адилеттүүлүктү күтөрүн айтышат.

Кочкор районунан келдим деген Сапар Исаковдун тарапташы анын жол киресине эч ким акча төлөп бербегенин, жаш саясатчынын келечеги үчүн күйүп өзү келгенин айтты.

"Мен бул баланы кичинекей кезинен бери эле билем, үй-бүлөсүн да билем. Мекенчил жигит. ЖЭБди жаңылоо ошол учурдун башкы талабы болгон, мындан улам ал жаңылоо үчүн аракеттерди көргөн. 5 ай өкмөт башчы болуп иштеп 9 айдан бери камакта жатат. Соттук кароолор аябай созулууда. Исаков чет тилдерин билет, чет өлкөгө барып деле иштесе болмок, бирок ал Кыргызга кызмат кылгысы келген", - деди ал.

2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
27.02.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беш ай эмес бир ай иштеседа ошибка есть ошибка бардыгын таза дебейм по закону жооп бердирип атат. Бул окмотда ушундай эле окмот кетсе буларда жооп берет.
27.02.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЖЭБ боюнча Сапар Исаков керт башы менен жооп берүүгө милдеттүү. Ошого ал ар бир ишине көз салып тургандыктан ар бир ишине жоопкер.
27.02.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимди жактабайм болгону сот адилеттүү чечим чыгарса болду. Ошонун өзү чоң жаза болот.
27.02.2019. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ЖЭБди С. Жээнбеков премьер кезинде кабыл алганго эмне учун жок дегенде кубо катаары суралбайт ушунчалык таза туура иштесе ошол убакта кемчиликтерин айтып чыккан эмес кумонум бар.
27.02.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jelezo,туура айтасыз суралсын Соке дагы.Атамбаев менен ушул иштин айынан урушту да куноосун моюнуна алгысы келбей.Абылгазиевке караганда Исаков жакшы иштеген.
27.02.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jelezo, ЖЭБге Сапар Исаков кол койгон. Ошол толук жазасын алып чыгыш креек.
27.02.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сапар Исаков кайсы арына таза иштеген. Ал деген пиар менен эле алек болуп туруп алды. Абылгазиев деген пиар кылганды билбейт экен ошого.
27.02.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карт борулор жешин жеп, Сапар Исаковду "козёл отпущения" кылып жатышат. 5 ай иштеген болсо ал миллиондорду жегенге улгургон да эмес,анын айланасында жургондор Исаковду пайдаланып калышты,абакка болсо Исаков кетти, анкени миллондорду сугунгандар учун Сапар Исаковдун абакта отурганы выгодно. Исаков миллиондорду кымырып алганда, ага кылмыш иши козголо баштаганын билгенде эле суракка келбей А.Шадиевге окшоп канал,дарыяларды жоо кечип, океандардын ары жагына качып,шапар тээп журмок.
27.02.2019. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылгылыкты президентик апарат башчы болуп турганда кылган.бардык жерде аты чыгып атпайбы. Колу менен кылганды мойну менен тартсын. Ишенген адамы да карабай койдуго....
27.02.2019. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапарды тарых актайт.Акталат ал.
27.02.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вор должен сидеть в тюрьме!
27.02.2019. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыныгы уурулар Жээнбековтор экени талашсыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: